Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 85

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылындагы 1000 чарчы метр жер  аянтына чайхана жана кондитердик цех куруу үчүн  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине каттоо жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Совет айылындагы 1000 чарчы метр  жер аянтына чайхана жана кондитердик цех куруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндөгү 23.08.2024-жылдагы №01-05/616 сандуу чыгышталган  сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылындагы 1000 чарчы метр  жер аянтына чайхана жана кондитердик цех куруу үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  каттоого макулдук берилсин.

2.     Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов