Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 87
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы 2024-жылдын 17-январындагы № 28/9 сандуу токтомун кайра кароо жөнүндө
Мурунку Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы 2024-жылдын 17-январында № 28/9 сандуу токтомун кайра кароо жөнүндөгү маселени Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз-Кыштак айылында балдар бакчасынын имаратынын фундаментине 1 600 000(бир миллион алты жүз мин)сом,
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Умай-Эне айылына Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров ат.Бүргөндү АМБдин милициянын участкалык имаратын курууга 600 000 (алты жуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- ”Кайтпас” чек ара заставасына 300 000 (уч жүз мин) сом айнек жана терезелерин алмаштырууга бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|