КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/3
Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү Б.Тасмабек уулунун маалыматын жана бюджет комиссиясынын берген чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин айыл өкмөттүн бюджетинин тогуз айлык пландын аткарылышы жана жумшалышы боюнча жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн 2023-жылдагы чыгашалар сметасына Тасмабек уулу берген маалыматтар, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын кароосунан өтүп, сессияга сунушталган акча каражаттары айыл аймактын муктаждыктары үчүн чыгымдоолорго алынсын.
3. Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясында
3-февраль 2023-жыл №1/16 токтом менен бекитилген Кош-Дөбө тазалык муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алууда өздүк салым катары берилген 1800000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты белгисиз себептерге негиз жумшалбагандыктан,айыл аймактын муктаждыктарына кайрадан сунуштарды эске алуу менен чыгымдоого тиешелүү бөлүм, статьяларга жайгаштырылып жумшалсын.
Бөлүм 70629 статья 2214-100000 сом ГСВ,
Бөлүм 70629 статья 2215-70000 сом УЗИ аппаратын иштетүүгө З.Абдыкарованы окутуу
Бөлүм 70629 статья 2215-64000 сом Аймактык оорукананын ГОС АКТ алуу,
Бөлүм 70629 статья 2215-306000 сом Аймактагы өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынын ордун толтуруу,
Бөлүм 70629 статья 2222-60000 сом Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна керектелүүчү материалдар менен камсыздоо,
Бөлүм 70629 статья 2222-500000 сом Таш-Жар, Семет, Жаңак айылдарына ичүүчү таза суу кампасын курууга керектелүүчү материалдар менен камсыздоо,
Бөлүм 70629 статья 2222-100000 сом Жаңы жылга карата аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жана майыптарга белектерди берүүгө,
Бөлүм 70629 статья 2222-30000 сом канц товарларды алууга,
Бөлүм 70629 статья 2222-120000 сом ичүүчү суу менен камсыздоодогу скважиналарга электрдик шиттерди алууга,
Бөлүм 70629 статья 2222-130000 сом Баткен окуясына жардамга берилген боз үйдүн акчасын кутулууга,
Бөлүм 70629 статья 2222-320000 сом Эргеш скважинасына трансформатор алып элди суу менен камсыздоого. Жалпысы 1800000 сом.
4. Бөлүм 70629 статья 2511-100000 сом,
Бөлүм 70629 статья 2511-174100 сом,
Бөлүм 70911 статья 2224-120000 сом,
Бөлүм 70921 статья 2222-100000 сом,
Жалпысы 494100 сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн бөлүм статьялардан кемитилип, төмондөгу бөлүм статьяларга жайгаштырылып аткарууга алынсын. Бөлүм 70111 статья 2212 интернет байланыш үчүн, аймактагы 9 ФАП ка керектелүүчү кызмат жана товар материалдары үчүн 100000 сом,
Бөлүм 70111 статья 2721 айыл аймактагы социалдык, материалдык жардамга муктаждар үчүн 74000 сом.
Бөлүм 70629 статья 2215 2023-жыл айыл аймактагы “Үлгүлүү айыл” “Үлгүлүү көчө” деген аталыштагы конкурс өткөрүүдөгү жеңүүчүлөлөрдүн сый акыларын берүүгө 150000 сом.
Бөлүм 70629 статья 2215 айыл аймактын социалдык абалын көтөрүүгө жана жакшыртууга жүргүзүлүп жаткан долбоорлор үчүн архитектуралык жана долбоорлорго керектелүүчү иш кагаз, корутундулар, тактамалар, кызмат көрсөтүүлөр ПСД лар үчүн 170100 сом.
5. Жогорудагы акча каражаттарын планга жайгаштыруу, жылдыруу, топтоштуруу жана жогорку финансылык органдарга кайрылып акча каражаттарын чыгымдоо жагы ФЭБ нө милдеттендирилсин.
6. Акча каражатын планга ылайык сатып алуулар парталына жайгаштыруу жагы сатып алуулар адиси Маратбек уулу Туратбекке милдеттендирилсин.
7. Акча каражатын чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
8. Салыктын түрүн толтуруунун үстүндө иш алып баруу жана айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл өкмөттүн башкы адиси салык кызматкери К.Шатмановго жүктөлсүн.
9. Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын 2023-жылдын бюджетинин чыгашалар боюнча өзгөрүүлөр жана жылдыруулар боюнча берилген сунуштары бекитилсин.
10. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Мавлянов айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |