Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 26-январы № 160

 

«Мады айыл өкмөтүнүн Чагыр айылындагы аты көчөгө Чырмашов Кимсандин ысымын коюу жөнүндө»

 

Мады айыл өкмөтүнүн Чыгар айылынын тургуну Чырмашов Жоомарттын арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Мады айыл өкмөтүнүн Чагыр айылындагы аты жок көчөгө Чырмашов Кимсандин ысымы ыйгарылсын.

2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр айылындагы Чырмашов Кимсан атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Чырмашов Кимсандин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Б.Мадазимов