Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/6

Айыл өкмөттүн карамагында турган айыл чарба техникалардын баарын Тазалык муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Айыл өкмөттүн карамагында турган айыл чарба техникалардын баарын Тазалык муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү боюнча Айыл өкмөттүн башчысы Ч.Кадыркуловдун сунуш билдирүүсун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Айыл өкмөттүн карамагында турган айыл чарба техникалардын баарын Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде өткозүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Айыл өкмөттүн карамагында турган айыл чарба техникалардын баарын Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде өткөзүп берүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Айыл өкмөт башчысы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.

 

3. Техникалардын ижара акысын түзүүдө жана мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн экономика жана бюджет комитети жана мыйзамдуулук комитеттери менен биргеликте иш алып баруусу милдеттендирилсин.

 

4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.