Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 204

Сүлүктү шаарындагы төрөт бөлүмүнүн имаратынын эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 680 817 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарындагы төрөт бөлүмүнүн имаратынын эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 680 817 сом акча каражатын бөлүү боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап сунушталган сметага ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарындагы төрөт бөлүмүнүн имаратынын эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 680 817 сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

 

М.А. Кутбидинов