СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXIV сессиясы
2024-жылдын 6-сентябры № 208
Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Сүлүктү шаарынын айланасындагы калк жашап калган 553,0 га жер аянтын Сүлүктү шаарына кошууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 06.09. 2024ж. №01-12/2457 сандагы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Сүлүктү шаарынын айланасындагы калк жашап калган 553,0 га жер аянтын Сүлүктү шаарына кошууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап чыгып Кыргыз Республикасында административдик аймактык реформа жүргүзүлүп жаткандыгына байланышуу Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу” жөнүндө Мыйзамдарын жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Сүлүктү шаарынын айланасындагы калк жашап калган Схемалык картада көрсөтүлгөн 553,0 га жер аянтын Сүлүктү шаарына кошууга макулдук берилсин.
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасына жана Сүлүктү шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Төрага
| М.А. Кутбидинов |