Редакцияот 11.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-сентябры № 211

Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын ченин бекитүү жөнүндө

 

Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын чени   боюнча шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссиясынын  сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74,75,76- беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде  депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши      

 

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын чени   төмөнкүдөй өлчөмдө  бекитилсин:

 

-юридикалык тараптар үчүн - 100сом

 

-жеке ишкерлер үчүн - 100 сом

 

2. Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин  

 

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

  

Төрага

 

М.А. Кутбидинов