Редакцияот 11.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-сентябры № 212

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 10.09. 2024ж. №01-12/2487 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын кадрдык өзгөрүүгө байланыштуу мэриянын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү  катын талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин  12 – беренесинин 5 – пунктунун жана 14-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Шаардык кеӊештин XXXVIII сессиясынын 17.05.  №178 токтому менен бекитилген  Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы өзгөртүүлөр менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин: 

 

1. Полотов А.А. - шаардын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;

2. Арстанбеков М.А.  . - Сүлүктү шаарынын  мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси - комиссиянын катчысы;

 

Мүчөлөрү:

 

3. Калакулов С.К.  - Сүлүктү шаарынын   мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысынын м.а.

4. Жолдошов.  - Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси –юрист

5. Мурзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;

6. Исраилов А.П. - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;

7 Жалилов М.Ж. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;

8. Самадова Г.Х. -  шаардык кеӊештин депутаты;

9. Карабаев Г.М.  – шаардык кеӊештин депутаты;

10. Исканов М.И. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы

11. Эрискулов А.-  Коомдук активист.

 

2.     Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары А.А Полотовго милдеттендирилсин;

3.     Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш  жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

М.А. Кутбидинов