Редакцияот 11.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-сентябры № 213

 Деканов көчөсүндөгү  №5/6 батирин Бикулов Алик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 10.09.2024ж. №01-12/2494 чыгыш сандагы Деканов көчөсүндөгү №5/6 батирин БикуловАлик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты жана Сүлүктү шаарынын прокурорунун  03.09.2024ж. №24/144-07-11-8-00587 сандуу сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.     Деканов көчөсүндөгү  №5/6 батирин Бикулов Алик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө  макулдук берилсин

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

М.А. Кутбидинов