КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/8
Ардактуу наам берүү жөнүндө
Жаңак айылынын тургуну Карабаев Кубанычбек Давлеталиевичке “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңак айылынын тургуну Карабаев Кубанычбек Давлеталиевичке Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын даярдап, салтанаттуу түрдө тапшыруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |