Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин ( жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры № 215

 Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысын бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 20.08.2024ж. 01-7/2245 чыгыш сандагы   Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013жылдын 23-сентябрындагы №519 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасыда автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежелеринин” 166 беренесине жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысы    20 сом,  окуучулар үчүн 10 сом өлчөмүндө   бекитилсин

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык мэриягажүктөлсүн.

Төрага

 

М.А. Кутбидинов