Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2024-жылдын 5-сентябры № 1

 Раззаков шаар мэриясынын чек арасынын схемалык картасын бекитүү  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен областынын Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Раззаков шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы

                                                   

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Раззаков шаарына кошулган Ынтымак айылынын административдик чек арасынын схемалык картасы бекитилсин.
  1. Келечек участкасындагы жер аянты административдик чек арасынын схемалык картасына ылайык Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  1. Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасына жана Раззаков шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.
  1. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б. Айтемиров