КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/10
ГСВ №11 үй-бүлөлүк дарыгери Абдыкадырова Зыйнатка акча каражат жагынан жардам берүү жөнүндө
ГСВ №11 үй-бүлөлүк дарыгери Абдыкадырова Зыйнат Айыл өкмөттүн аймагындагы ооруканага жаңы келе турган УЗИ аппаратын иштетүүгө окуп келүү үчүн 2023-жылдын 2-ноябрь күнү 70 000 (жетимиш мин) сом акча каражатынан жардам сурап кайрылган кайрылуусун берүү жөнүндө Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ГСВ №11 үй-бүлөлүк дарыгери Абдыкадырова Зыйнат Айыл өкмөттүн аймагындагы ооруканага жаңы келе турган УЗИ аппаратын иштетүүгө окуп келүү үчүн жардам иретинде 70 000 (жетимиш мин) сом акча каражатынан жардам иретинде берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбекке жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |