КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/14
Жаңы казылуу алдында турган Семет 1, Семет 2, Семет 3 скиважиналарынын жерине макулдук берүү жөнүндө
АРИС тарабынан Кош-Дөбө айыл аймагына, сугат суу үчүн жаңы казылуу алдында турган Семет 1, Семет 2, Семет 3 скиважиналарына тиешелүү жерлер тууралуу айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановдун кайрылуусун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИС тарабынан Кош-Дөбө айыл аймагына, жаңы казылуу алдында турган Семет 1, Семет 2, Семет 3 скиважиналарынын ар бирине 0,04 га тиешелүү жер аянттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы жер адиси А.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Карабаев. |