Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/15

Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба

коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү боюнча

айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановдун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1 Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановдун берген маалыматы эске алынсын.

 

2 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругу эске алынып бекитилсин.

 

3 Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна негиз 10 коэффициент менен бекитилсин

 

4  Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5 Бул токтомдун аткаруу жагы жер адиси А.Абдырахмановго милдеттендирилсин.

 

6 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.Карабаев.