БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 102
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышы үчүн иштөө
Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №123 Мыйзамынын 30; 33-пунктарына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышы үчүн иштөө Регламенти бекитилсин.
(Регламент тиркелет)
2. Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышы үчүн бекитилген Регламенти шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жалпыга жарыялансын.
3. Токтом мамлекеттик реестриге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын төрайымы |
Ч.Ахмедова |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын
№ 102 токтомуна № 1тиркеме
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышы үчүн иштөө
Р Е ГЛАМ ЕН Т И
I.Бөлүм. Жалпы жоболор
1-Глава Баткен шаардык Кеңеши.
2-Глава. Шаардык кеңештин компетенциясы.
II Бөлүм. Шаардык кеңештин түзүлүшү
3-Глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары.
4-Глава.Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
5-Глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6-Глава. Депутаттык фракциялар, (Депутаттык бирикмелер)
7-Глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.
8-Глава Шаардык кеңештин иштөө Регламенти.
9-Глава. Сессияга киргиз илүүчү маселелерди кароонун тартиби.
10-Глава. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүүнүн тартиби.
11-Глава. Добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби.
12-Глава Шаардык кеңештин сессияларынын, отурумдарын протоколдоштуруунун тартиби.
13-Глава Шаардык кеңештин укуктук нормативдик актылары
III Бөлүм.
14-Глава Шаардык кеңештин иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
1.Бөлүм.
Жалпы жобосу.
1-Глава.
Баткен шаардык Кеңеши.
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде, Баткен шаардык Кеңеши, Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кеңеш жалпыга бирдей, тең тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу депутаттардан турат.
1.2.Шаардык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленеген тартипте жүзүгө ашырылат.
1.3.Шаардык Кеңештин шайланаган депутаттары-депутаттык фракцияларга биригишет. «Көпчүлүк»-деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон Кеңештин фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө расимий жарыяланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция же фракциялар жергиликтүү Кеңеште «Азчылык» деп саналат.
-фракциялар, фракция башчыларын жана орун басарларын шайлаган протоколдорун шаардык Кеңештин аппаратында каттоого киргизет.
-фракциялардын көпчүлүктү түзгөн коалициясы, бириккендиги жөнүндөгү фракциялардын жетекчилеринин кол тамгалары коюлган протоколу менен тастыкталат.
1.4.Шаардык Кеңеш өз иш-милдетин аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы шаардык Кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.5.Шаардык Кеңештин сессиялары шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү шаардык Кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
1.6.Баткен шаардык Кеңеши 31 депутаттан жана аппараттык кызматкерлерден турат.
1.7.Шаардык Кеңештин депутаттарынын, депутаттык мандаттары “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу” мыйзамына ылйык жүргүзүлөт жана жыл ичинде шаардык кеңештин сессияларына жүйөөлүү себепсиз 4 жолу катышпаган депутат, мандат комиссиясынын кортундусу менен четтетилет
Баткен шаардык Кеңешинин компетенциясы.
12.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде шаардык Кеңеш төмөнкүдөй маселелерди карайт жана чечет:
1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2)жергиликтүү бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3)аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
4)жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын-шаар мэриясынын иши жөнүндө отчетун угуу;
7)мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)жергиликтүү жамаатын Жобосун (Уставын) бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10)Баткен шаарынын Жобосун (уставын) бекитүү, шаардык Кеңештин Регламентин бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
11)Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
12)Баткен шаардык Кеңешинин, шаар мэриясынын жоболорун кабыл алуу;
13)өз чечимдеринин аткарылышына конторлдук кылуу;
14)акоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдардын сатуунун ырым жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;
15)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жайдагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
16)Баткен шаарынын жамаатын Уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
17)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык үчүн ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык каттуу тиричилик таштандыларды жыйгандыгы, ташып чыгаргандыгы жана жок кылынгандыгы үчүн тарифтерди бекитүү;
18)Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында адмиситрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
19) Кеңештин төрагасын анын орун басарларын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
20) шаар аймагында ички көчөлөргө ысымдарды ыйгаруу жана өзгөртүүгө макулдук берүү;
21) шааймагындагы калкка акы алып кызмат көрсөтүүчү транспорттук каттамдардын (муниципалдык жана жеке маршуруттук) тарифин бекитүү.
2.2.шаардык Кеңештин сессияларында төмөнкүдөй маселелер кошумча чечилет:
1)мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик көрсөтүү;
3)мыйзамда белгиленген шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;
4)КБФ жерлерин арендага берүүдө аренда акылардын, жайыттардын жайыт акыларын, айыл чарба эмес багыттагы жерлердин салыктардын коэффиценттерин, ставкаларын белгилөө;
5)шаардын символикаларын бекитүү;
6)Мыйзамга ылайык долбоордук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөөлөрдү, турак жай фондун ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы, оюн зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модеринзациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
7) шаардык социалдык маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
8)мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
9)шаардын курулушунун/архитектуралык башкы планын карайт жана бекитет.
10. Шаар аймагындагы мамлекеттик, муниципалдык менчик жана жеке менчик жер аймактарынын зооналдык категорияларынын өзгөрүүсүнө макулдук көрсөтүү
11. Баткен шаарынын Ардактуу атуул наамын жана өспүрүмдөр үчүн “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу;
12.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселер
II Бөлүм
Шаардык Кеңештин түзүлүшү
3-Глава Шаардык Кеңештин депутаттары, Шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын
2 орун басары, аппартат кызматкерлери;
3.1.Шаардык Кеңештин төрагасы Кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракцияларыдын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
-Шаардык Кеңештин төрагасы, илимий, педогогикалык жана башка чыгырмачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.
3.2.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордун мөөнөтүнөн мурда шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же шаардык Кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, шаардык Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
-Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы:
-шаардык Кеңештин сессиясын, заседениесин чакырат, сессияга төрагалык кылат;
-шаардык кеңештин чечимдерине, буйруктарына кол койот
-шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү маселелерди даярдоого, кароого коюуга жалпы жетекчилик кылат;
-Шаардык Кеңештин кабыл алган токтомуна кол коюу менен токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурат;
-убактылуу жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгүн координациялайт.
-шаардык Кеңештин аппаратынын түзөт жана ишмердүүлүгүн жетектейт;
-коомчулуктун сунуш-пикирин эске алуу менен алардын суроо талаптарын чечүү максатында жекече жана коллективдүү кабыл алууларды, жолугушууларды уюштурат;
-шайлоочулар менен депутаттардын жолугушуусун мөөнөтүн аныктап, шайлоочулар алдында жылына бир жолудан кем эмес (зарыл учурда токтоосуз) отчет берүүсүн уюштурат;
-шайлоочулардын алдында отчет берүү үчүн тийиштүү болгон материалдар жана маалыматтар менен кабардар кылууну уюштурат;
-мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коомдук бирикмелер менен жарандардын ортосунда жолугушууларды уюштурат;
-шаар аймагындагы коомчулук менен шаардык Кеңештин ортосунда өз ара мамилелерди жакшыртуу үчүн иш чараларды иштеп чыгып уюштурат;
-компетенциясына кирген маселелер үчүн буйруктарды кабыл алат;
-бекитилген бюджеттик сметага ылайык шаардык Кеңештин бюджеттик каражаттарынын бөлүштүрүүнү чечип, жетектейт;
-шаардык Кеңештин иш кагаздарынын жоболорго (инструкцияга) ылайык жүргүзүүнү бекитет;
-жыл аягында 3 ай калган мезгилде шаардык Кеңештин жаны жыл үчүн болжолдуу бюджетинин сметасын иштеп чыгып сессиянын кароосуна киргизүүнү уюштурат;
-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин бюджетинин аткарылышы боюнча сессияда отчет берет;
-шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин алдында подотчет болуп саналат.-
Жыл сайын шаардык Кеңештин сессиясында шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана аппараттын жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө отчет берет.
3.4.шаардык Кеңештин төрагасынын орунбасарлары: сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттарынын жалпы санынын копчүлүк ачык добушу менен депутаттардын ичинен шайланат;
-шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары Кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок богон өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ээлеген кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын копчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн;
-Кеңештин төрагасынын орун басары өз арызынын негизинде милдетин аткарууну токтотушу мүмкүн.
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт;
-шаардык кеңештин 2 орун басары 2 ге бөлүнүү менен туруктуу комиссиялардын ишин жетектейт, туруктуу комиссияларынын ишине, отрумдарына чакырылат жана катышат;
1-орун басар төмөнкү туруктуу комиссиялардын ишин жетектейт:
1.Укук коргоо, Мыйзамдуулук, кылмыштуулук,чек ара, Регламент, депутаттык мандат, этика маселери боюнча туруктуу комиссиясы
2.бюджет, экономика жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы,
3.Маалымат, байланыш, каражаттары, транспорт маселелери (теле берүү,соц.тармактар) маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
2-орун басар:
4.Муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
5.Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
6.Жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият, билим берүү, илим жана социалдык жактан өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
-шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
4-глава.
Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
4.1.Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 Мыйзамынын негизинде Шаардык Кеңештин төрагасынын буйругу менен дайындалат.
4.2.Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
4.3.Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруп, иштөөсүн көзөмөлдөйт.
4.4.Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
4.5.Кеңешке келип түшкөн жана чыккан документтердин эсебин алууну жүргүзөт;
4.6.Кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларына материалдарды даярдайт (туруктуу комиссиялардын заседениелерине, туруктуу комиссиялар менен биргеликте) жана аларды депутаттарга өткөрүп берет.
4.7.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруп материалдар менен камсыздап берет.
4.8.Кеңештин сессияларына жана заседениелерине катышуу үчүн депутаттарды,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырып камсыз кылат;
4.9.депутаттардын сессияларыга келишинин эсебин алат;
4.10.Кеңештин сессиясынын токтомдорун даярдайт жана аларды таратууну уюштурат;
4.11.Башка функцияларды аткарат.
4.12.Сессиянын күн тартибине киргизилүүчү маселелердин токтом долбоорун даярдайт жана кабыл алынган токтомдорду каттап, сактайт.
4.13. шаардык Кеңештин гербдүү печатына жана штампына жооптуу
4.14.шаардык Кеңештин юридикалык күбөлүгүн, Уставын, Регламентин сактайт жана жооптуу.
4.15.шаардын Кеңештин аппаратындагы негизги баалуу буюмдардын сакталышына жана колдонушуна жоопкерчиликтүү
4.16. кеңештин коллегиялуу кабыл алган токтомдорун мамлекеттик реестирге киргизилишин жетектейт жана токтомдордун шаар калкына жарыяланышын жүргүзөт
4.17. шаардык Кеңештин расмий социалдык баракчаларын жана расмий сайтын жүрүшүн жетектейт.
4.18. аппараттык кызматкерлердин ишин жетектейт