Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык Кенешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы

2024-жылы 28-ноябры № 7

Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, жана “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу 2024-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамга ылайык 103-тиркемесинде көрсөтүлгөндөй,  Кыргыз Республикасынын Жарандык  кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген. “Юридикалык жактары, филиалдары (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Төрт-Гүл айылдык кенеши токтом кылат:

 

 

  1. Дара айылдык кеңеши мекемеси жана Төрт-Гүл айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Айылдык кеңештин толук фирмалык  аталышы:

-       Мамлекеттик тилде: Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси;

-       Расмий тилде:  Учреждение Айылный кеңеш Торт-Гулского айылного аймака;

-       Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

-       Мамлекеттик тилинде: Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши м-си;

-       Расмий тилде:  У-е Айылный кеңеш Торт-Гулского айылгого аймака;

  1. Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин Жобосу бекитилсин.
  2. Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин юридикалык дареги  Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен  району  Жаңы-Жер айылы А.Камалов көчөсү №1/3 болуп аныкталсын.
  3. Өткөрүп берүү актысы, өткөрүп алуу актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
  4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анытыгы ырасталат.

Төрага:

 А.Суранчиев