Редакцияот 09.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 9-декабры № 2/2 

 

Жергиликтүү тургундардын каражатынан  жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен сатылып алынган комбайнды    “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын  менчигине кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123   «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана  Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын   15-мартындагы №37 Кыргыз Республикасынын  «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына  ылайык   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кара-Бүргөн айылындагы жергиликтүү тургундардын жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын каражаты менен  алынган  Нива эффект комбайны жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алынсын.

2.     Эсептешүү иштери толук жүргүзүлгөндөн кийин аталган Нива эффект комбайнын мамлекеттик каттоо иштерин  жүргүзүү жагы   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеӊештин төрагасы

 

Б. Кемелов