Редакцияот 09.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 9-декабры № 2/3

 

Терек айылынын тургуну Чоткараева Жыргалбү Өзүбековнанын

арызы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын негизинде                      Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМкылат:

1.     Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54  “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү    10-ноябрь 1991-жылдагы Указын жетекчиликке алган Жениш колхозунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомундагы Чоткараева Жаркын деген сөздөр Чоткараева Жыргалбү Өзүбековна деген сөздөр менен өзгөртүлүп, толукталсын.

2.     Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54  “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү 10-ноябрь 1991-жылдагы Указын желекчиликке алган Жениш колхознунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомуна  киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бардык кызыкдар тараптарга билдирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык кеӊештин төрагасы

Б. Кемелов