Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

2024-жылдын 28-ноябры  №2

 

“Эргеш Алиев айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

          Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Эргеш Алиев айылдык кеӊешини I чакырылышынын кезектеги I сессиясы   токтом  кылам:                                                       

1. Эсептөө комиссиясынын шаардык/айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

2. Осмонов Алимбек Гуламжанович жана Карабекова Айгүл Асановна айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:

 

М.Ажикулов