Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

2024-жылдын 17-декабры  №1

 

“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жер тилкесин муниципалдык менчикке убактылуу пайдаланууга өткөрүп алуу жөнүндө”

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.12.2024-жылдагы чыг.№01-19/7374 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 13.12.2024-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн №150 дарегинде жайгашкан 4000 чарчы метр жер тилкесин 6 (алты) жылдык мөөнөткө акысыз (убактылуу) пайдаланууга, муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мериясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

О.Т. Турдубеков