Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2024-жылдын 6-августу № 45

 

Айыл тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылынын тургуну Жыргалбек уулу Талгаттын “Каракол” көмөкчордонуна маркум Алтымышев Жыргалбек Алымкуловичтин ысымын берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Көпүрө-Базар айылынын тургуну Жыргалбек уулу Талгаттын арызы канааттандырылсын.

2. ПС 35/10 кв “Каракол” көмөкчордонуна маркум Алтымышев Жыргалбек Алымкуловичтин ысымы ыйгарылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Көпүрө-Базар айылынын айыл башчысы Батырова Элмирага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К Токушев