Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз I сессиясынын

2024-жылдын 28-ноябры  №04/1-9

 

“III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө”

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесин,  “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгын, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз I сессиясы

 Токтом кылат:

 

  1. III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрына чакырылсын. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын өткөрүү убактысы саат 10-00, өтүүчү жайы “ Энергетик” маданият үйү деп белгиленсин.

 

  1. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 150 деп бекитилсин.

 

  1. Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны 3- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын жана жумушчу топтун мүчөлөрүнүн тизмеси 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңешке (Ч.А.Кимсанов), шаардык мэрияга ( Н.О.Орозбаев ) , көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.

 

 

 Төрага:

 

Кимсанов Ч.А..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме  1

Кара-Көл шаардык кеңешинин      28.11.2024-жылдагы кезексиз

  I   сессиясынын  №  04/1-9  

токтому  менен бекитилди

 

Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы

 

  1. Кимсанов Чынгыз Алманбетович - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
  2. Б.Д.Токтобаев - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
  3. Нурматова Кыйматкан Исмаиловна- Кара-Көл шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
  4. Акматалиева Мээрим Маматжановна- Кара-Көл шаардык мэриянын башкы адиси, юристи;
  5. Кокумбаева Жаңыл Орозбаевна- Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгынын башкы адиси;
  6. Бекташов Забырбек Жолдошович- Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  7. Субаналиева Гульшан Кутманалиевна- Кара- Көл шаардык кеңешинин депутаты ;
  8.  Султаналиева Сайха Карыпбаевна-Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты;

Ныязалиев Арзымат Нурманбетович- Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

К.И. Нурматова..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме  2

Кара-Көл шаардык кеңешинин      28.11.2024-жылдагы кезексиз

  I   сессиясынын  №  04/1-9  

токтому  менен бекитилди

 

Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери

 

1-аймак (Энергетик)- Серый, Бакешов, Энергетиков, Исанов, Боконбаев, Жээн-Кыштоо, Ы.Курманалиев , Хуриев , Умралин көчөлөрү;

 

2-аймак (Байгалмак)- Ленин, К.Турусбеков, Масиров, Панфилов, Ажыматов, Чаргынов, Нуржанова, Акынай, Каипов, Мамытов , Чоң-Таш, Чубак ажы Жалилов көчөлөрү, Сабиров көчөсүнүн 1-20, 21,25,27,33, 37,39,41,43, 45, 47, 60, 64,74,76, 90 үйлөрү;

 

3-аймак (Шамалык) –Сабиров 22 ден баштап калганы ( Бишкек-Ош трассасынын оң жана сол жээгиндеги үйлөр) , Сабиров Зв 1-2, Токтогул, Рахимов, Ак-Таш, Төрөкулов, Кайыңды, Кара-Көл көчөлөрү;

 

4-аймак (Бекташ)- Бекташ, Ак-Шар-1,2, Төш-Мазар, Кулданбаев, Ак-Кыя-1,2, Канат көчөлөрү

 

5-аймак (Кетмен-Төбө)- Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгы

 

6-аймак (Жазы-Кечүү) –Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгы

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

К.И. Нурматова..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме  3

Кара-Көл шаардык кеңешинин      28.11.2024-жылдагы кезексиз

  I   сессиясынын  №  04/1-9  

токтому  менен бекитилди

 

Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны

 

№

Аймактардын аталыштары

Өткөрүү датасы, убактысы

Өткөрүү орду

делегаттардын өкүлчүлүктүү нормалары

1

 Жазы-Кечүү

04.12.2024-ж. саат 13 :00

№6 мектеп

 

10 делегат

2

Энергетик

04.12.2024-ж. саат 16:00

№3 мектеп

 

 

40 делегат

3

Байкалмак

04.12.2024-ж. саат 18:00

№1 мектеп-гимназия

 

35 делегат

4

 Кетмен-Төбө

05.12.2024-ж. саат 13:00

№5 мектеп

 

10 делегат

5

Шамалык

05.12.2024-ж. саат 16:00

№2 мектеп

 

35 делегат

6

Бекташ

05.12.2024-ж. саат 18:00

№4 мектеп

 

20 делегат

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

К.И. Нурматова..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме  4

Кара-Көл шаардык кеңешинин      28.11.2024-жылдагы кезексиз

  I   сессиясынын  №  04/1-9  

токтому  менен бекитилди

 

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын жана жумушчу топтун мүчөлөрүнүн тизмеси

 

№

Аймактардын аталышы

Жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү боюнча

жооптуулар

1

Энергетик

  Ч.А.Кимсанов, Ш.А.Токтосунов , Ч.М.Боржуев,

Н.Т.Кармышов, Б.Т.Боконбаева, Н.А.Уметова, Э.А.Базаркулов, Кутманбек кызы Айзада

2

Байкалмак

 Б.Д.Токтобаев, Н.К.Кайбалиев, Э.Т.Токтомушев, Т.А.Мамытканова, Молдокеев Ж.Ы., Г.К.Субаналиева,  М.У.Чикезов

 

3

Шамалык

К.А.Кочконбаева, Б.У.Турсунбаев, Э.Ш.Мавланов, М.М.Акматалиева

4

Бекташ

М.Ж.Макушев , Ж.С. Джуробаев, Б.К.Магзымов, Н.Б.Чыныкбаев, К.Д.Батыркулов,  Т.А.Аалыаскарова

5

Кетмен-Төбө

М.Т.Молдоболотов, А.Ж.Карыпбаев,

С.К.Султаналиева, З.Ж. Бекташов

6

Жазы-Кечүү

З.Бопошов , А.Н.Ныязалиев, С.К.Жантаева , Б.О.Абатов, Ж.О.Кокумбаева

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

К.И. Нурматова..