Редакцияот 12.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 12-декабры № 1

VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 33-беренесин жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин  4 -главасын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “БИРИМДИК“ коалициясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 12-декабрындагы №2 Протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы IV сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1, №2 протоколдорунун чечимдери бекитилсин.

2. “Адилет“ фракциясынан  депутат Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович Нарын шаардык Кеңешинин IV  сессиясына катышкан 31 (отуз бир) депутаттын  (17) он жети  добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы  болуп  шайланды.

Төрага

Рысбек уулу Эмилбек