Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 3

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен  сессиянын жүрүшүндө, айылдык кеңештин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №3-протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат: 

 

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №3-протоколу бекитилсин.
  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагалыгына айылдык кеңештин депутаты Шакиров Кубатбек Жалалидинович дайындалсын.
  1. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

К. Шакиров