Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 5

 Суу-Башы айыл аймагынын  өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы  “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”  ПЖ №271 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 61-беренесинин жана  Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын

22-ноябрындагы  №01-13/702 чыгыш катыны аткарууга алуу максатында Суу-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылдык маданият үйүнө 2024-жылдын 7-декабрына саат  14-00 гө чакыртылсын.
  2. Өкүлчүлүктүү жыйындарды делегаттардын  саны Бужум айылынан 75,Кара-Булак айылынан 25, Боз-Адыр айылынан 23, Кара-Токой айылынан 9, Айгул-Таш айылынан 2, Апкан айылынан 9, Бөжөй айылынан 7, жалпы 150 делегат болуп, жобого ылайык бекитилсин.
  3. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн, Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча, жумушчу топтун курамы 16(он алты ) адамдан болуп бекитилсин. (№1-тиркеме).
  4. Өкүлчүлүктүү жыйындарга эл арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2024-жылдын 4-5декабрь күндөрү  графикке ылайык өткөрүлсүн.(№2тиркеме).
  5. Өкүлчүлүктүү жыйындарга  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бужум   айылында 2024-жылдын 4-декабрь күнү уюштурулсун.
  6. Өкүлчүлүктүү жыйындарга  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кара-Булак айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун
  7. Өкүлчүлүктүү жыйындарга  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Боз-адыр   айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун.
  8. Өкүлчүлүктүү жыйындарга  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бөжөй  айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун.
  9. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Апкан айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун.
  10. Өкүлчүлүктүү жыйынга  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү,     Кара-Токой айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун.
  11. Өкүлчүлүктүү жыйындарда  делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Айгул-Таш айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун.
  12. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколун, көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин Өкүлчүлүктүү жыйындардын катчылыгына 2024-жылдын 6-декабрына чейин тапшырылсын.
  13. Өкүлчүлүктүү жыйындарды даярдоо, өткөрүү жана керектүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысына, жумушчу топко милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Шакиров