Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 9

Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Суу-Башы айылдык кеңешинин жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы  отурумунун корутундусунун негизинде  Кара-Булак айылына жаңыдан мектеп куруу максатында   Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн (мурдакы МЖС 1992-жылдын февраль айындагы №-5807, шифр №739) инвентаризациялоо материалына ылайык  №4012-контурунда жайгашкан 0,32 га жер аянты сугат айдоо жер, №4011-контурунда жайгашкан 0,06 га жер аянты жайыт жер,№3894-контурунда жайгашкан 1,65га жер аянты курулуш астындагы жер (контора),Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  мурдакы “Москва” колхозунун 1987-жылындагы №4864а, шифр №8479 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык  №3894-контурда жайгашкан 0,19га жер аянты сугат айдоо жер, жалпы 2,22 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы         Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Шакиров