Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 5

Кыштут  айыл  аймагынын  айылдык кеңешинин аталышын өзгөртүү  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү туралуу  2024-жылдын 11-сентябрындагы  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык 10-5 тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын  Жарандык кодексинин 92- беренесин ,”Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликетүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактары, филиалдары (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоонун тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алып ,      Кыштут айылдык кеңеши

         Токтом кылат.

  1. Кыштут айыл аймагына Дара  айыл аймагынын тоолу аймагы Жаңырык, Кан, Табылгы, Кайыңды , Сары-Талаа, Коргон-Таш, айылдары кошулуу менен Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңеши “Алтын- Бешик” айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп аталышы өзгөртүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук жана фирмалык аталышы;

-       Мамлекеттик тилде: “Алтын-Бешик” айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси.

-       Расмий тилде: Учреждение Айылный кеңеш “Алтын- Бешикского” айылного аймака.

Юридикалык жактын кыскартылган  фирмалык аталышы;

   Мамлекеттик тилде: “ Алтын-Бешик” айыл аймагынын айылдык кеңеши м-и.

    Расмий тилде:  У-е Айылный кеңеш “Алтын-Бешикского” айылного аймака.

  1. Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин убактылуу Жобосу бекитилсин.
  2.  Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин юридикалык дареги Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району Таян айылы  Борбордук көчөсү №1 болуп аныкталсын.
  3. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү  мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын  юстиция органдарынында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
  4. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрайым

А. Матраимова