Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2024-жылдын 6-августу №49

 

КР УКМК ЧК Талас облусу боюнча башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө

 

КР УКМК ЧК Талас облусу боюнча башкармалыгынын 03.07.2024-жылдагы № 245 сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Каракол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы “Арал” чек ара заставасы жайгашкан 0,73 га жер тилкеси ( колхоз мезгилиндеги машина токтоочу гараж) 1992-жылдагы жер реформасында “Кашка-Жол”, “Арал”, “Терек” бирикмелерине үлүш катары берилгендиктен, мөөнөтсүз (көргөзүлбөгөн мөөнөткө) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик АКТ алууга айылдык кеңеш тарабынан токтом берилбесин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.

Төрага

 

Ф.К Токушев