Редакцияот 13.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылынын 13-декабры №2/4

 

 « Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын Көк-Жангак шаарына

Беккера чуңкурчасы жана катуу таштандыларды таштоочу жайды

колдонууга макулдук берүү жөнүндө ».

 

          Көк-Жангак шаарында катуу таштандыларды таштоочу жай Багыш айыл өкмөтү менен чектешип, азыркы учурда орчундуу маселе жараткандыгына байланыштуу Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын

колдонууга макулдук берүү жөнүндө кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып ( IХ чакырылышынын) кезектеги II сессиясы ТОКТОМ кылат:

 

  1. Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын Көк-Жангак шаарына Беккера чуңкурчасы жана катуу таштандыларды таштоочу жайды колдонууга макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

төрагасы:

 

Исмаилов Б.М.