Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры  № 1/2

 

Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

 

Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1-протоколун карап жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Ормон-Хан айылдык Кенешинин 23-май 2023-жылдагы №2/1 Токтому менен бекитилген Ормон-Хан айылдык Кенешинин регламентин жетекчиликке алуу менен, Ормон-Хан айылдык Кенеши                                    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1-протоколу бекитилсин.

2. Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №2-протоколуна жана 3-протоколдоруна  ылайык Саралаев Адилет Айдаркулович жана Жапарова Гулзат Кенешбековна Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ормон-Хан айылдык Кенешине калтырылсын.

 

Төрага

Р. Жолдошбеков