Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 08-майы  №231

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндө ”

         Үч-Терек жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы №12 ҮДТнын жетекчиси Жумалиева Инабат Демиевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндөгү Үч-Терек ЖДПБнын профсоюз уюмунун  2024-жылдын 29-февралындагы жалпы чогулушунун токтомун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы  токтом кылат:

    1. Үч-Терек Жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы №12 ҮДТнын жетекчиси Жумалиева Инабат Демиевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы » наамы менен сыйлоого сунуш берүүгө макулдук берилсин.

      2. Бул сунушту бекитип берүү жана жогорку жактарга сунуштоо жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

      3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

     4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.