Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 17-декабры  № 2/1

 

Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

     Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентине  өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу депутаттардын сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине  ылайык, Ормон-Хан айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.    Ормон-Хан айылдык Кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-Айылдык Кеңешинин Регламентинде баардык жерде “Кочкор айылдык Кеңеши” деген сөздөр “Ормон-Хан айылдык Кеңеши” деген сөздөргө алмаштырылсын

-“1.1 коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө» -деген сөздөр “1.1 коомдоштук тарабынан 5 жылдык мөөнөткө» деген сөздөргө алмаштырылсын

   -“33.2. Ормон-Хан айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 71 депутат деген сөздөр “33.2. Ормон-Хан айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 31 депутат” деген сөздөргө алмаштырылсын

 

2. Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентин талаптарын сактоо жана аткарууга алуу жагы айылдык кенешинин депутаттарына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенештин төрагасы Р.Жолдошбековго  жүктөлсүн.

Төрага

Р. Жолдошбеков