Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 08-майы  №234

 

«Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 18-декабрын-дагы № 191 « Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн страте- гиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүү жана толук-тоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткарууга алуу жана Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдардагы тазалыкты сактоо максатында, катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптимал-даштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын жана таштандыларды сорттоочу ишкананы ишке киргизүү иш-чараларын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына киргизүү үчүн, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 18-декабрындагы   № 191« Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна кошумча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү   боюнча айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык  кеңешинин  кезектеги  XXVIII сессиясы токтом кылат :

  1. Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 18-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын № 191 « Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

-жогоруда аталган токтомдун 2-пунктундагы көрсөтүлгөн иш чаралар, «Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдардагы тазалыкты сактоо жана катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын жана таштандыларды сорттоочу ишкананы ишке киргизүү. Жалпы суммасы -2,5млн сом» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Байсабаевге милдеттендирилсин.

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

          4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

           5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.