Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 17-декабры  № 2/8

 

Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагынын ичүүчү таза суунун тарифин 2025-жылга бекитүү туралуу Кочкор МИ жетекчиси А.Аситовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.“Кочкор”муниципалдык ишкананын прейскуранты 1 метр куб сууга 11,85 сом менен бекитилсин.

2.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы «Кочкор» МИ жетекчиси А.Аситовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Жолдошбеков