Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

2024-жылдын 30-июлу  №242

 

“Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX  сессиясы  токтом кылат:

      1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген,  “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:

      2.Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы 1га сугат жер-5400 сом өлчөмүндө, Кызыл-Ураан , Жетиген жана Такталык айылдарындагы 1га сугат жер 3600 сом өлчөмүндө бекитилсин.

      3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.

        4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.