Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

2024-жылдын 30-июлу  №244

 

“Үч-Терек айылынын Кормоцех участкасындагы, №103 контурундагы айыл чарба  категориясындагы 0,15га  жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”

          Үч-Терек айылынын Кормоцех  участкасынын №103 контурундагы 0,15га  айыл чарба категориясындагы жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп,  өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 10-11 беренелерине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:

                  

          1. Үч-Терек айылынын Кормоцех  участкасынын №103 контурундагы айыл чарба категориясындагы 0,15 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп, өнөр

жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

          2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

          3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин .

 

          4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.