Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

2024-жылдын 30-июлу  №249

 

““Үч-Терек, Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы муниципалдык менчикте турган жалпы 418 чарчы   метр жер аянттарын, аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндө.”

          Үч-Терек , Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы  жалпы 418 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жер аянттарын аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттар жөнүндө типтүү  Жобону” негиздеп, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:

 

          1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн   Үч-Терек , Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы     жалпы  418 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ачык аукционго коюп сатууга макулдук берилсин.

 

          2. Аукционду ачык- айкын мыйзам чегинде өткөрүүнү уюштуруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .

 

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге тапшырылсын.

 

           4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.

 

            5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.