Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

2024-жылдын 30-июлу  №256

 

“Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы сел алган мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын кыскартуу жөнүндө.”

 

          Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы “Кайра бөлүштүрүү фондунун” жерлерин, айыл өкмөтүнөн 2024-жылга ачык аукциондун негизинде ижарага алган жарандардын эгиндерин сел алып кеткендиктен, тарткан чыгымдарын жана жоготууларын эске алып, 2024-жылга карата 50пайыз өлчөмүндө ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылдын 01-июлунда жазылган актысын негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:

      1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин аукциондун негизинде ижарага алган ижарачылар, 2024-жылга карата ижара акыларынан 50пайыз өлчөмүндө тиркемеге ылайык бошотулсун.

 

     2. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге жана салык кызматкери А.Калманбетовго милдеттендирилсин.

 

      3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.

 

        4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

2024-жылдын 30-июлундагы кезектеги XXIX сессия-

сынын №256 токтомуна тиркеме

 

2024-жылдын 01-июлунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел эгинин жууп кеткен, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы мамлекеттик фонддун жерлерин, ачык аукцион аркылуу ижарага иштеткен жарандардын

ТИЗМЕСИ:

 

к/№

Аты-жөнү

        Жердин аянты

 

1

Романова Нурбү

0,32га

2

Үтүрова Бүзүпара

0,32га

3

Бообеков Ажыбек

0,32га

4

Рахманалы кызы  Уулкан

0,32га

5

Ызаков Калыбек

0,32га

6

Карабекова Кайыркан

0,33га

7

Көчөров Муратбек

0,34га

8

Кыдырбаев Мырзабат

0,33га

9

Бешкемпиров Жуматай

0,57га

10

Култеков Касымбек

0,36га

11

Култаев Такен

0,36га

12

Калыкеев Мунарбек

0,40га

13

Эгембердиев Азамат

0,36га

14

Токтоналиев Алтынбек

0,36га

15

Самиднов Эрик

0,36га

 

 

Жалпы

 

5, 37 га

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы: А. Байсабаев

 

Жер адис : М. Келгенбаев

 

Салык кызматкери: А.Калманбетов