Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №58

 

Каракол айыл аймагындагы “Каракол таза аймак” МИ тиешелүү айыл чарба техникаларына жана атайын керектүү тетиктерди алууга жана ар кандай чыгымдарына акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

 Каракол айыл аймагындагы “Каракол таза аймак” МИ тиешелүү айыл чарба жана атайын техникаларына керектүү тетиктерди алууга жана ар кандай чыгымдарына акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. “Каракол таза аймак” МИ тиешелүү айыл чарба жана атайын техникаларына керектүү тетиктерди алууга жана ар кандай чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 811800(сегиз жүз он бир миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Алар:

-       Фронталдык жүктөгүч,

-       Экскватор,

-       Грейдер,

-       КАМАЗ,

-       Комбайн,

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

Төрага

 

Ф.К Токушев