Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №70

 

Көпүрө-Базар айылынын участкалык инспекторунун кызматтык автоунаасынын күйүүчү май үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылы чек арага жакын жайгашкан айыл болгондуктан кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулукту жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана милициянын участкалык инспекторунун иштөөсүнө шарт түзүү максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Көпүрө-Базар айылынын участкалык инспекторунун ар кандай чыгымдарына керектелүүчү 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев