Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №78

 

“Брайль шрифт” менен мекеме-уюмдардын атын кайталап жаздыруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

“Брайль шрифт” менен Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын атын кайталап жаздыруу иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Брайль шрифт” менен Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын атын кайталап жаздыруу үчүн 7,0 (жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2 Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев