Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №82

 

Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин зарылчылыгына байланыштуу генератор сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин зарылчылыгына байланыштуу генератор сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин зарылчылыгына байланыштуу генератор сатып алууга 140,0 (жүз кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев