Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №84

 

Көпүрө-Базар айылында жашаган аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата отун сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылында жашаган аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата отун сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Көпүрө-Базар айылында жашаган аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата отун сатып берүүгө 45,0 (кырк беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев