Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №96

 

Көпүрө-Базар бала бакчасынын жанындагы бош турган имаратты (мурдагы оорукананын ашканасын) ремонттон өткөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу менен бала бакчага кошумча имарат катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар бала бакчасынын жанындагы бош турган имаратты (мурдагы оорукананын ашканасын) ремонттон өткөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу менен бала бакчага кошумча имарат катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Көпүрө-Базар бала бакчасынын жанындагы бош турган имаратты (мурдагы оорукананын ашканасын) ремонттон өткөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу менен бала бакчага кошумча имарат катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев