Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №100

 

 “Коопсуздук -2024” иш-чарасына катышууга Талас шаарына резервдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга керектелүүчү күйүүчү майга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

2024-жылдын 23-25-май күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн “Коопсуздук -2024” иш-чарасына катышууга резервдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга керектелүүчү күйүүчү майга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 23-25-май күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн “Коопсуздук -2024” иш-чарасына катышууга резервдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга керектелүүчү күйүүчү майга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 01.02.2024-жылдагы №8 токтомунун негизинде Кууганды айылдык кеңешинин 2023-жылдан калган эркин каражат эсебинен 50000(элүү миң) сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.  

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев