Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №105

 

“Нур-Желеси” бала бакчасына ХЕЛВЕТАЗ долбоорунан эмерек алууда үнөмдөлгөн каражатты кайра которуу жөнүндө

 

Үч-Эмчек айылындагы “Нур-Желеси”бала бакчасына ХЕЛВЕТАЗ долбоорунан эмерек алууда үнөмдөлгөн каражатты кайра которуужөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Эмчек айылындагы “Нур-Желеси”бала бакчасына ХЕЛВЕТАЗ долбоорунан эмерек алууга үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 01.02.2024-жылдагы №8 токтомунун негизинде 1,0 (бир миң) сом акча каражаты Кууганды айылдык кеңешинин 2023-жылдан калган эркин каражат эсебинен кайра которулуп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.  

Төрага

 

 

Ф.К Токушев