Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №109

 

Кара Кыргыз автономиялык республикасынын уюшулганынын 100 жылдыгына карата Көпүрө-Базар айылынын китепканасында райондук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараны уюштурууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кара кыргыз автономиялык республикасынын уюшулганынын 100 жылдыгынакарата Көпүрө-Базар айылынын китепканасында райондук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараны уюштурууга акча каражатын бөлүү жөнүндө депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы; 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара кыргыз автономиялык республикасынын уюшулганынын 100 жылдыгынакарата Көпүрө-Базар айылынын китепканасында райондук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараны уюштурууга керектелүүчү 55,0 (элүү беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев