Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №125

 

Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 1,300 (бир миллион үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев